ЖК төрагасы билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө төраганын куттуктоосу:

“Ардактуу агартуучулар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн бүткүл өмүрүн билим берүүгө, агартуучулука арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдирип, аларга таазим этүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн күн. Анткени, билимдин билигин жагып, бизге таалим-тарбия берген мугалимдер коомду агартуучу асыл кесиптин ээси болуп саналат. Айрыкча билим берүү кызматкерлерине өлкө келечегине керектүү мыкты уул-кыздарды тарбиялоо деген чоң милдеттер жүктөлгөн. Андыктан агартуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, кадыр-баркын көтөрүү мамлекеттик саясатыбыздын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Алсак, акыркы жылдары заманбап мектептер, бала бакчалар салынып, агартуучулардын эмгек акылар жогорулатылып, аларга татыктуу кам көрүү аракети тынымсыз уланууда. Бул албетте чек эмес. Жогорку Кеңеш да өз ыйгарым укуктарынын алкагында мугалимдерди ар тараптуу колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алып, керектүү демилгелерди ишке ашырып келет.

Урматтуу мугалимдер! Кадырлуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Талбаган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, эл керегине жараган жаштарды табиялоо менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошо бериңиздер! Күн сайын изденүүнү талап кылган ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалайм!”