Коомдук транспорт жол эрежесин бузгандарды каттайт!

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти бөлүнгөн тилкеге туура эмес жерден кирген унаа сүйүүчүлөргө карата төмөнкүлөрдү билдирет.

Коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун кирүүсүнө тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган.

Бөлүнгөн тилкенин бул участокторунда   ИИББы боюнча ЖККББнын кызматкерлери тартип бузгандарды аныктап, административдик чара көрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ошондой эле Бишкек шаарында каттаган жаңы автобустардын ичине 4 фото жана видеофиксация камерасы орнотулган.

Пилоттук долбоордо видеобайкоо камераларынан жазуулар жол эрежесин бузууларды аныктоо үчүн күн сайын иштелип чыгат, аныкталган тартип бузуулар (фото, видео материалдар) зарыл административдик чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жиберилет.

Белгилей кетсек, салондун ичинде 2 видеокөзөмөл камералары иштейт. Конфликттик кырдаалдар же башка укук бузуулар болгон учурда  жазууну карап чыгууга болот.

Бардык унаа сүйүүчүлөр үчүн жол эрежелерин жана коомдук тартипти сактоо жөнүндө эскертүү.  

Авто сүйүүчүлөрдүн бардык эреже бузуулары (уруксат берилбеген жайларга токтотуу, ошондой эле коомдук транспорт үчүн токтоочу жайларда унаанын токтотулушу, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, белгилер) автобустарда камералар менен катталат жана администрациялык айып салуу менен протокол түзүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна  жөнөтүлөт.