Мэрия ECO TAXI кызматын ишке киргизди. Кантип колдонуу керек

Бишкекте «Муниципалдык ECO TAXI» кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта 10 электромобиль ишке кирет.

Маршруттун схемасы: Киев жана Абдрахманова көчөлөрүнүн кеслишинен 12-микрорайонго чейин тыгын маалдарында иштейт (07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 20:00гө чейин). Жол акысы — ар бир адамдан 50 сом.

«ECO TAXI экологиялык транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрө алат. Автоунаалар заманбап электр жабдуулары жана GPS-навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү», — деп белгилешти мекемеден.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматы менен 0706222276 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу байланышса болот.