“Жыйынтык чыгарбайсыңар”.  УКМК мектеп директорлорунун пара алуу менен кармалышы боюнча комментарий берди

УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өкүлү мектеп директорлорунун пара алуу менен кармалышы боюнча комментарий берди, деп жазат Кактус медиа агенттиги.

Башкармалыктын башчысынын орун басары Айбек Омор уулу борбор калаада жаңы мектептер курулуп, балдардын билим алуусуна шарттар түзүлүп жатканын, мындай кырдаалда мектеп директорлору өздөрүнүн функционалдык милдеттерин так, мыйзам чегинде аткаруусу керектигин айтты. Бирок мамлекеттик комитетке мектептердеги коррупция боюнча маалымат келип түшүүдө.

“Тилекке каршы, чалуулар, билдирүүлөр түшүп жатат. Баарын өзүңөр көрүп жатасыңар, билесиңер, бирок, тилекке каршы жыйынтык чыгарбайсыңар”, – деди мамлекеттик комитеттин өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК №26, 51, 101 мектептердин директорлорун пара берип жаткан учурунда кармалышкан.