Уят! Билим берүү министри мектеп директорлорунун кармалышы боюнча пикирин билдирди

Мектеп директорлорунун пара менен кармалышы бүтүндөй билим берүү тармагы үчүн уят. Бул тууралуу окуу жайлардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында билим берүү министри Каныбек Иманалиев билдирди, деп жазат 24kg басылмасы.

Министрдин айтымында, мугалимдердин август конференциясын өткөрүүгө даярдыктар үч айга созулган.

«Аны биз татыктуу өткөрдүк. Бирок ошол эле күнү кечинде мектеп директору кармалганы тууралуу маалымат келип түштү. Эгемендүүлүк күнүн Ош шаарында Президенттин катышуусунда жогорку деңгээлде өткөрүүгө өлкөдө жарым жылдан бери даярдыктар көрүлүүдө. Татыктуу өткөрдү, кечинде кайра камоо. Билим күнү баарыбыз үчүн майрам, ушул күнү үчүнчү директорду кармашты. Уят! Бул бүтүндөй билим берүү системасына шермендечилик! Келечекте мындай окуялар болбошу үчүн шашылыш чогулуп, сабак алалы деп чечтик», – деди Каныбек Иманалиев.

Ал акча менен кармалгандарды мугалим деген статустан ажыратуу зарыл деп эсептейт. «Өмүр бою шерменде болушсун. Антпесе биз кырдаалды өзгөртө албайбыз. 90 миң мугалимим бар, ар бирине аңчылык кыламбы же эмне? Мен реформа жасашым керек», – деди министр.

Буга чейин УКМК кызматы Бишкекте бир жумада төрт мектеп директору пара менен кармалганын билдирген. Алардын арасында сынактан өткөндөр да бар.