Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды

Бул тууралуу Президенттик аппаратынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде адам укуктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Түркиянын башкы омбудсменинин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн акыйкатчы институттарынын ортосунда байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу ниетин канааттануу менен баалады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык жана бир туугандык мамилелер күн сайын бекемделип жатканын белгилеп, Шереф Малкочтун мамлекеттик кызматтагы бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине олуттуу салым кошот, деген ишенимин билдирди.