Бажы кызматы конфискациялаган буюмдарды арзан убадалаган жаран кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери    1986-жылы туулган, коӊшу мамлекеттин  жаранын  И.Е.ни кармашты. Бул маалыматты Ош Ички иштер башкармалыгы тараткан.

Алардын маалыматы боюнча шектүү айрым ишенчээк  жарандарга өзүн бажы кызматынын майору катары жалган маалымат берип     тааныштырып,  алдоо жолуна түшкөн. 

Мисалы, Ош шаарынын 1971-жылы туулган тургунуна: «бажыдан конфискация болуп, кампада  турган   10 даана муздаткыч, 1 даана ширетүүчү аппарат, 1 даана темир кесүүчү аппарат  алып чыгып беремин» деп убадасын берип, андан 124 миӊ сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен. 

Бүгүнкү күндө бул жаран Ош шаарынын жана Ош облусунун дагы 7 жаранын алдагандыгы аныкталып, алардан арыз түштү.  Жабырлануучулар  «бажынын кампаларында   мыйзамсыз сакталып турган буюмдарды арзан алуу»  үчүн   100 миӊден 300 миӊге чейин акча беришкен.

Шектүү 2-августта кармалып, 4 августта Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча  чечим чыкты.