Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда 964 782,7 миң сом каржы бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасы тарабынан 2022-жыл аралыгына карата Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн. Бул тууралуу маалымат аталган мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган.  

Аудити жыйынтыгында, фонддо жалпысынын 75 мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулары аныкталды. Аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 964 782,7 миң сомду түздү, анын ичинен:   124 023,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болгон сумма, аудит убагында 1 020,8 миң сом калыбына келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын каржылык бузуулардын классификатору боюнча бузуулардын структурасы төмөнкүдөй:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджетинин долбоорун түзүүдө жана кароодо жол коюлган бузуулар: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 9, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 610,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш.
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер: мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актылардын жоболорун бузуулардын саны – 27, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 920 024,2 миң сом, анын ичинен:   110 962,3 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 504,2 миң сом калыбына келтирилди.
  • Мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер: саны – 11, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 18 382,5 миң сом, анын ичинен:  10 567,2 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 389,1 миң сом калыбына келтирилди;
  • Эсепке алуу жана отчеттуулуктун тартибин бузуулар: саны – 15, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 10 674,6 миң сом, анын ичинен:  1 883,5 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш, аудит убагында 127,5 миң сом калыбына келтирилди.
  • Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам бузуулар: саны – 5, аныкталган каржылык бузуулардын көлөмү 15 090,9 миң сом.
  • Ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык макулдашуулардын ченемдеринин коллизиялары жана жол-жоболук бузуулар: саны – 8, бул бөлүктө жол-жоболук бузуулар гана классификациялангандыктан акча-каражат түрүндө көрсөтүүгө мүмкүн эмес.