Турсунбай Бакир уулу: Раим Матраимов менен муфтияттын жаңы имараты ачылганда учураштым

Коомчулукта Раим Матраимов менен бирге сүрөткө түшкөндөр кызуу сынга алынып жаткан учурда, саясатчы, депутаттыка өз талапкерлигин көрсөткөн Турсунбай Бакир уулу Раим Матраимовго болгон мамилесин айтты. Бул тууралуу ал Твиттер баракчасында жарыялады.

“Ооба, Раим Матраимов менен муфтияттын жаңы имараты ачылганда учураштым. А эмне, учурашпай коёюнбу?! Ал тергөөчүлөр менен кызматташып, УКМКнын ТИЗОсунда олтуруп, 2 млрд сом мамлекеттик казынага төлөдү, 600 млн сомдон ашык кыймылсыз мүлк менен төлөдү,… соттун чечими боюнча дагы 260 миң сом төлөдү. Тергөө жана сот иштери аяктады. Эмне үчүн муфтияттын имаратынын куруп берип сооп ишке калган, тергөө жана сот органдарынан дооматы башка жок адамга кол сунбашым керек экен?!”, – деди ал.

Эске салсак, буга чейин Омар, Арген жана башкалар Матраимов менен сүрөткө түшкөнү үчүн сынга кабылууда.