Турсунбай Бакир уулу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен чыгарылды

Турсунбай Бакир уулу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинен чыгарылды.

Мындай чечимди 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды. Бакир уулу өзү партиянын тизмесинен чыгарууну суранган. Ал талапкерлердин тизмесинде 15-орунда болчу.

Бакир уулу Ленин бир мандаттуу округундагы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн.