Өлкөдө кой эти менен күрүчтүн баасы кымбаттады

Кыргызстанда апрель айынын башынан бери күрүч менен кой этинин баасы кымбаттады. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Алсак, 3-апрелден 14-апрелге чейин кой этинин баасы орто эсеп менен 2,4 сомго, 545,8 сомдон 548,1 сомго кымбаттады.

Мында баанын өсүшү эң көп Исфана (+20 сом), Токтогул (+15 сом), Кара-Балта (+10 сом) жана Токмокто (+12,5 сом) байкалган.

Орто дан күрүчү дароо 2,6%га, узун дандуу күрүч 0,6%га кымбаттады. 14-апрелге карата күрүчтүн (орто дандын) орточо баасы 111,8 сомду, узун дандын баасы 138,3 сомду түзүүдө.