Июль айында дизель майы кымбаттады

Кыргызстанда июль айында дизель майы кымбаттады. Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү майдын баасы литрине 70 сомдон ашат. Маалымат Улуттук статистикалык комитеттин сайтында жарыяланды.

Баанын көтөрүлүшү июнь айында башталып, июль айынын алгачкы күндөрүндө күчөгөн. Июнь айында дизель майынын орточо баасы 64,64 сомду түзсө, 8-июлга карата анын баасы 66,58 сомго көтөрүлгөн. Эң кымбат дизель майы Нарында жана Исфанада 70,80 жана 70,64 сом болот.

Ошол эле учурда бензиндин баасы туруктуу бойдон калууда. Июнь айында бир сомдун чегинде баанын төмөндөшүнөн кийин АИ-95тин литри республика боюнча орточо эсеп менен 65,82 сомго, АИ-92 61,83 сомго бааланган.