
Жапарбек Ормонов Ысык-Көл районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ормонов Жапарбек Туратович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалды.