Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний экстремисттик агымынын аялдар канатынын лидерлерин, мүчѳлѳрүн аныктоо багытында жүргүзүлгѳн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунун аймагында “Самира” (аты өзгөртүлдү) аттуу жаран террористтик жана экстремисттик материалдарды таркаткандыгы аныкталган.

aeda91a4 0e32 4ff1 800c 574f41e79157 Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды

Бул факты боюнча маалыматтык электрондук журналына катталып, аныктоо иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө: Самира социалдык тармактардан аял кишилердин кийим кечелерин сатуу учурунда террористик жана экстреммисттик чакырыктарды (Нашида) жайгаштырып таратып жүргөндүгү аныкталды.

“Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык изилдѳѳгѳ берилген материалдарда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмуна мүнѳздүү материалдар экендиги такталган.

Кыргыз Республикасыныны Кылмыш-Жаза Кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу ) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү деп 21 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну С.А.,экендиги такталып, тергѳѳ кызматына алынып келинген”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

d2d4ebc1 e7e4 461b ad99 3c59c16232eb Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды
3a4e0d7a b461 4ea3 8461 9d23f3305693 Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды
c57caf9a cfb7 41c3 b0c0 3f57a208bd68 Диний экстремисттик агымынын мүчөсү кармалды