Стамбулдагы «Эрол Олчок» маданий борборунда өрт чыкты

Бүгүн, 21-августта түштөн кийин Стамбулдагы «Эрол Олчок» маданий борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирди.

“Окуя болгон жерге көп сандагы өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү”, — деп айтылат маалыматта.

Жарыяланган кадрлардан көрүнүп тургандай, өрт имараттын бир нече кабатын каптаган. Өрттөн чыккан түтүн эпицентрден жүздөгөн метр алыстыкта ​​көрүнүп турат.

Өрттүн коңшу имараттарга жайылып кетүү коркунучу бар.