ИИМ министри онлайн кеңешме өткөрдү

21-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар, жалпы коопсуздук иштери боюнча, анын ичинде 31-август Эгемендүүлүк күнү, 1-сентябрь окуу жылынын башталышы, 10-сентябрь Бишкек шаарынын Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо жана башка маанилүү иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыздоо туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков “Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп, кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбагандыгы, өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн, айрым жетекчилер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени, буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз. Кызматка жаңы дайындалган кесиптештерге тапшырма: Кыска мөөнөттүн ичинде, баардык кемчиликтерди жеринде жоюп, алгылыктуу иш алып барыңыздар” — деп баса белгиледи.

УКМК ички иштер министрлигинин баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн айрым бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан жеке керектөө үчүн синтетикалык дарыларды сатып алуу, адамдардан акча каражаттарын системалуу түрдө талап кылуу фактылары боюнча ИИМдин кызматкерлерин кармалган.