Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы Ошто өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Н. Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.
Иш-чаранын программасы:
– Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);
– “Ош – достуктун шаары” иш чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);
– Спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);
– Ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);
– Майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).