
Чүй облусунда бир жумада дээрлик 4 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-13-август күндөрү 3 миң 815 жол эрежесин бузуу аныкталган. 131 унаа айып короо жайына токтотулган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 17;
- Мас абалында унаа айдагандар — 35;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 2;
- Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 16;
- Ылдамдыкты ашыры айдагандар — 1 миң 794;
- Башка унааларга тоскоолдук жаратуу жана жол белгилерине баш ийбөө — 756;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 252;