
Бүгүн, 15-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалым болгондой, Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.
