Чоң-Алай районунда унаага май куючу жайды карактоого келген жарандар кармалды, – деп билдиришти Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-августан 2-августка караган түнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 37 жаштагы Е.С. аттуу тургуну автонуаага май куюучу жайына белгисиз кылмышкерлер карактоо максатында кол салганын кабарлаган.
Аталган билдирүү 2023-жылдын 2-август күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жетип барган. Тергөө ыкчам тобу тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, аталган май куюучу жайга белгисиз эки жаран беттерине медициналык беткаптарды тагып алышып, май куюучу жайдын эшиктерин тээп, айнектерди тапанча менен уруп сындырышып, май куюучу жайда оператор болуп иштеген Е.С.га “милицияга кабар берсең атып салам”, – деп коркутушуп, зомбулук көрсөтүшүп, кассадагы акча каражатын алып кетүүгө аракет кылышкандыгын, жабырлануучу Е.С. 102 номерине телефон чалган мезгилде окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендиги аныкталган.
“Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе, аталган кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы З.уулу Т. жана 18 жаштагы Т.П. атуу тургундары кармалды. Алардын жанынан бир даана колибри 4,5 мм. болгон пневматкалык тапанча, медициналык бет каптар далил буюм катары алынды”, – деп айтылат маалыматта.
Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде “Каракчылык” кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.