Ош мэриясы «көпүрө кулады» деген видео боюнча үн катты

Ош шаарынын мэриясы «жаңы салынып жаткан көпүрө кулап түштү» деген аталышта соцтармактарга чыккан видео боюнча үн катты.

Мэриядан белгилешкендей, жөө өтмөк көпүрөнүн бир бөлүгүндө бетон куюу иштери жүрүп жатканда, опалубканын тирөөчтөрү тайып, бетон жерге агып, опалубка кулап калган. Ал эми мурда бетон куюлуп, катып калган жөө өтмөктүн калган бөлүгү эч нерсе болгон эмес. Окуя 5-августка караган түнү болжол менен саат 02:00до болгон.

«Жабыркаган эч ким жок. Өтмөктүн негизги конструкциясына эч кандай зыян келген эмес. Ал эми келтирилген чыгымды куруучу компания өз жоопкерчилигине алат», — деп билдиришти мэриядан.

Эскерте кетсек, аталган жөө өтмөк көпүрөнүн курулушу май айында башталган. Аны 31-августка чейин бүткөрүү пландалган. Аны курууга бюджеттен 45,3 млн сом каралган.