Окумуштуу Айсалкын Асанова каза болду

Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы оор жоготууга учурады. Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанова 3-август күнү узакка созулган оорудан кийин 77 жашында дүйнөдөн кайтты.

Айсалкын Асанова 1945-жылы 26-декабрда Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган.

Москвадагы Жеңил өнөр жай технологиялык институтун 1968-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1972-жылы Г.В. Плеханов атындагы Москва эл чарба институтунда кандидаттык диссертациясын коргогон. 1990-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде докторлук диссертациясын жактап, экономика илимдеринин доктору илимий даражасын алган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ага окутуучу, доцент, профессор болгон.

2000-жылы Россиядагы Педагогикалык-социалдык илимий академиясынын академиги болуп шайланган. 2010-жылы Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер.

Илим жаатындагы ишмердигинде 10дон ашык илимдин кандидатын, 3 илимдин докторун чыгарган.

Айсалкын Асанова– 160 ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 10 китептин, 4 монографиянын жана илимий макаланын автору.

Анын илимий изилдөөлөрүндө рыноктун шартында калктын суроо-талаптарын изилдөө жана өндүрүштү интенсификациялоо аркылуу өнөр жайды өнүктүрүп кете турган жаңы багыт сунушталган. Бул жаңы багыт башкаруунун жаңы ыкмаларына: менеджмент, маркетингге таянып өнөр жайды реформалоого жол ачкан; инновациялык өнүгүүнүн стратегиялык багыттары, ишкерликти өркүндөтүүдө инновациялардын таасири, Кыргызстандын экономикасы ЕАЭБге киргендеги жетишкендиктер жана проблемалар, ЕАЭБдин шартында экономикалык тышкы байланыштарды өркүндөтүү жолдору маселелерине арналган.

Айсалкын Асанованын илимий изилдөөлөрү Бишкекте, Москвада, Сеулда, Андонгдо (Корея Республикасы), Кожаели (Түркия), АКШ (Оклахома штаты, Норман Университети), Йель университетинде, Коннектикут штатындагы университетте (АКШ), Алматыдагы Эл аралык бизнес университетинде (UIB), Синьцзян педагогикалык университетинде, Вена университетинде (Австрия), Севилья (Испания), Индонезияда жарык көргөн.

Айсалкын Асанова билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкүдөй наамдарга арзыган:

  • «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Москва ш., 1979-ж;
  • «Кыргыз стандын билим берүүсүнүн отличниги», 1996-ж.;
  • КР Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен 1981, 1984-ж.;
  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун эмгек сиңирген ишмери, 2010-ж.;
  • Кыргызстандын илимине эмгек синирген ишмер, 2010-ж.;
  • КУУнун ардагери 2013-ж.

Кыргызстандын илим жана билим казынасын байытууга зор салымын кошкон көрүнүктүү окумуштуу Айсалкын Асанованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов, А.Ж. Жунушалиев, А.Н. Исанов, М.К. Укушов, А.К. Осмонов, А.Н. Абдылдаева, К.К. Иманалиев, Д.Ж. Амангелдиев, Т.Ч. Чыңгышев, У.А. Усеков, Р.С. Татиков, К.О. Иманалиев, И.С. Болжурова, Т.А. Жунушев, Т.А. Абдырахманов, Н.А. Дооранов, И.С. Шатманов, М.К. Керимкулова, В.Ж. Керималиева, И.Б. Аденов, Ж.Т. Жылкычиева.