Кытайдын элчиси Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтер менен таанышты

 Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, МинКаб төрагасы менен бирге Кытай эл республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь барды. 

«Учурда, өлкө аймагында ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүүдө. Мамлекет бул үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Белгилей кетсек, Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.  Учурда долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, инвестиция тартуу жолдору талкууланууда. 

365425477 672291798259313 1322303688676692860 n Кытайдын элчиси Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтер менен таанышты
365143556 672292461592580 5868273200408791901 n 825x452 1 Кытайдын элчиси Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтер менен таанышты