
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына эки талапкерлерди каттады.
Шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун корутундусунун негизинде төмөнкү талапкерлер катталды:
– Аскар Алмаз уулу;
– Токтогул Какчекеев.
Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.
Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 10-августта аяктайт, деп эскертет БШК.