
Дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын концертине чакыруу билеттери берилбейт. Катышууну каалагандар билетти алдын ала сатып алышы керек. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билет сатып алган көрүүчүлөрдүн арасында 15 даана iPhone 18 Pro Max смартфону ойнотулат. Утушта 15 жеңүүчү аныкталып, алардын ар бирине бирден iPhone 18 Pro Max тапшырылат.
Президенттин иш башкармалыгы концертке барууну пландаган жарандарды билеттерди азыртадан сатып алууга чакырды.
Белгилей кетсек, Шакира 18-октябрда Las Mujeres Ya No Lloran World Tour деп аталган дүйнөлүк турунун алкагында Бишкекте концерт коёт.
Концерт “Бишкек Аренада” өтүп, бул жылдыздын Борбор Азиядагы алгачкы концерти болот.






