
Ушул жылдын сегиз айында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун 18 миң 862 учуру катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 4,6 миң учурга же 32 пайызга көп.Мындай маалыматтарды Ички иштер министрлиги мекеме ичиндеги аналитикалык отчеттуулугунда келтирет.
Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча ички иштер органдары 15 миң 690 убактылуу коргоо ордерин беришкен. Анын ичинен 14 миң 346сын аялдар, 922син эркектер, ал эми 424үн жашы жете электер алышкан. Балдардын ичинен 250сү кыздар жана 174ү эркек балдарболуп саналат.
Тобокелдиктерди баалоодо 8 миң 255 учурда коркунуч аныкталган эмес. 4 миң 998 учурда тобокелдик бар деп таанылса, дагы 2 миң 437 учурда жогору деп табылган.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча 6 миң 453 протокол түзүлгөн. Алардын 6 миң 290у сотко жөнөтүлгөн.
Соттор каралган иштер боюнча 3 миң 299 учурда камака алууну, 1 миң 906 учурда коомдук жумуштарды дайындашкан. 362 учурда мамлекеттик айыптоочунун сунушу менен 10 миң сомдон айып пул салынган. Дагы 218 протокол окуянын же укук бузуу курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулган.
Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбагандыгы үчүн 531 протокол түзүлгөн. Анын ичинен 380 адам камакка алынып, 82си коомдук жумуштарга тартылса, 10уна айып пул салынган. 24 ишти сот токтоткон.
Мындан сырткары, түзөтүү программасынан өтүүдөн качкандыгы үчүн 21 протокол түзүлгөн. Беш учурда сот коомдук жумуштарды, 13 учурда камакты дайындап, 2 ишти токтоткон.






