Ош шаарында акысыз мектеп автобустары иштей баштады

Ош шаарында мектеп автобустары окуучуларды акысыз ташый баштады. Учурда каттамдарда эки автобус иштеп жатат, мэриядан келечекте алардын санын көбөйтүү пландалып жатканын билдиришти.

Бир автобус Кызыл-Байрак айылынан окуучуларды ташыса, экинчиси Михаил Ломоносов атындагы мектепти тейлейт.

Жаңы автобустар 28 окуучуга ылайыкталган. Аларда коопсуздук курлары, ошондой эле жылытуу жана муздаткычсистемалары бар.

Ош шаарында 100 миңден ашык окуучу билим алат. Борбор калаадан айырмаланып, шаарда окуучулар үчүн коомдук транспортто жол киреге 50 пайыздык жеңилдик сакталып келет.