Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2023-жылдын 31-июль күнү болжол менен кечки 18:15до Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Кекилик” панционатындагы көлдүн жээгинде коомдук коопсуздукту камсыздап жүрүшкөн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын старшинасы Нурланбек уулу Жеңиш жана милициянын кенже сержанты Айнабек Курманбеков жардам сурап жаткан кыйкырыкты угушкан. Алар дароо көлгө чөгүп жаткан жаранды көздөй чуркашып, тез аранын ичинде аман-эсен куткарып калышкан.
Куткарылган жаран Бишкек шаарынын 2006-жылы туулган тургуну болгон. Эс алууга келген кыз аба ырайы кескин өзгөрүп, шамал болуп, жаан жаагандыгына байланыштуу суудан чыга албай чөгө баштагандыгын, милиционерлер көрүп калып, бир өлүмдөн куткаргандарына ыраазы экенин айткан. Куткарылган кыз өз убагында ыкчам куткарып, дагы бир өмүр тартуулаган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, учурда туристтик мезгилге байланыштуу Ысык-Көл облусунда туристтердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери алгылыктуу иштерди алып барышып, бир ай ичинде Ысык-Көлгө чөгүп бара жаткан бир нече адамды куткарып, жоголгон баалуу буюмдарын таап беришкен. Кыргыз милициясы элдин кызматында!