
Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, мындай чечим 26-июлда кабыл алынган.
2021-жылы Жогорку Кеңешке өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров аталган округдан депутат болуп шайланган. Жарышта жалпы жети талапкер, анын ичинде экс-депутат Равшанбек Рысбаев да болгон. Ал 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров саясий жарышта добуш сатып алганын айтып, анын мандатын жокко чыгарууну талап кылган.
Бишкек шаарынын административдик соту 7-июндагы чечими менен №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы даттанган.