
КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-июлунда 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы аскерлеринин жана инженердик-сапердук түзүмдөрдүн биргелешкен атайын-тактикалык “Достук – 2023” сабактарынын жана тренингдеринин ачылыш аземи болуп өттү.
“Биргелешкен атайын-тактикалык сабактар жана тренингдер 2023-жылдын 23-июлунан 2-августуна чейин 20636 а/б “Эдельвейс” окуп-машыгуу борборунда өтөт.
Бир жума ичинде биздин аскер кызматчылар өзбек коллегалары менен атайын багыттагы түзүмдөрдүн даярдыктарын үйрөнүшөт. Андан тышкары, планга ылайык атайын-тактикалык даярдык, тоо даярдыгы, ок атуу, байланыш боюнча жана башка сабактар уюштурулуп, инженердик-сапердук түзүмдөр үчүн атайын даярдык сабактары уюштурулат”, – деп айтылат маалыматта.

