
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде уурдалды деген өспүрүм ошол эле күнү аман-эсен табылып, апасына өткөрүлүп берилген.
Милициянын маалыматына караганда, окуя 20-июлда болгон. Милицияга кайрылган аял анын уулун Бостери айылындагы эс алуу жайларынын биринде көл жээгинен уурдап кетишкенин айткан. Издөө иштеринин натыйжасында бала ошол эле күнү кечинде Чүй облусунун аймагынан аман-эсен табылган.
Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (“Адам уурдоо”) негизинде иликтене баштады.
Айрым маалымат булактары бала 12 жашта экенин, аны уурдагандар апасынан 300 доллар талап кылышканын жазып жатышат.