УКМК экс-министр Динара Кутманованын жакындарын кармады

«Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун кызматкерлерине карата коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Эске сала кетсек, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки мезгилде жаратылышты жана экологияны коргоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынын эсебинен жыл сайын 3 млн 700 миң АКШ доллары (325 млн сом) бөлүнөт. 3 жылда каржылоонун жалпы суммасы 969 миллион 568 миң сомду түзгөн. Көрсөтүлгөн акчанын 789 миллион 568 миң сому Фонд тарабынан жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоорду ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактарга берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Фонддун ишмердүүлүгүндө бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Фонд, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана «Ходжаев» жеке ишкердин ортосунда алдын ала макулдашуу боюнча тендерсиз түз келишим түзүлүп, жалпы суммасы 34 млн сомго 1000 комплект атайын кийимдерди алып келүү боюнча келишим түзүлгөн. Мыйзамсыз келишим түзүүнү экс-министр “К.Д.А.” (Кутманова Динара) лоббилеген, ал эми “Ходжаев” ишкер экс-министрдин уулунун жакын досу.

Соода-өнөр жай палатасынын экспертизасынын корутундусуна ылайык, өлкөнүн базарларындагы комбинезондун баасы 11 миллион сомдон ашпайт, 23 миллион сомдук айырманы “К.Д.А” үй-бүлөсү тарабынан өздөштүргөн.

Эксперттик комиссиянын 3 отуруму К.Д.А. тарабынан туунду уюмдардын кызыкчылыгын лоббирлөө жана кысым көрсөтүү менен өткөнү аныкталган. Экс-министрдин көрсөтмөсү менен төртүнчү жыйын комиссия мүчөлөрүнүн иш жүзүндөгү катышуусуз формалдуу түрдө өткөнүн Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин көрсөтмөлөрү тастыктады.

Каржыланган 110 долбоордун ичинен азыркы этапта 22 долбоор текшерилди, алардын көбү өз максатына туура келбейт, каржылоо мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча жүргүзүлгөн, башкача айтканда максатка ылайыктуулугун жана актуалдуулугун аныктоо менен экологиялык жана башка экспертизаларды өткөрбөстөн бекитилет жана каржыланат. Бюджеттик каражаттарды түз алып кетүүгө өзүнчө долбоорлор шылтоо болгон.

Мындан тышкары, Жаратылыш ресурстар министрлигинин ишине түздөн-түз кийлигишкени тууралуу түз далилдер келип түшкөн жана экс-министрдин уулу К.К. долбоорду каржылоонун суммасынан 10% өлчөмүндө алып турган.  Фонддун директорунун көрсөтмөсүндө аталган мекеменин директору К.К. 5 чарбалык субъектилерден 17 миллион сомдон ашык суммада компенсациялар алынган.