Электр энергиянын баасы жыл сайын инфляциянын өсүшүнө жараша көтөрүлүп турат

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда өткөрүлгөн брифингде билдирди.

«Баалар жыл сайын инфляцияга жараша көтөрүлүп турат. Жакында эле 23 тыйынга кымбаттады. Быйыл инфлияциянын деңгээли 13,9 болгондуктан, тариф да ага ылайык көбөйтүлдү. Эгер 2010-жылдан бери 5-10 тыйындан кымбаттатып отурсак, азыр 1 сом 40 тыйын болуп калмак».

Министр энергетикага чукул кырдаал киргизүү сунушу тууралуу да түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда, кырдаалдын бааларга тиешеси болбойт. Ал чукул кырдаал шартында чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер маселесин чечүү оңоюраак болот деди.