Көмүрдүн баасы төмөндөдү, – видео

Мурманская 1Б/1 көчөсүндө көмүрдүн баасы 3000 (үч миң) сомдон сатыла баштады. Кезек көп болуп кеткендигине байланыштуу бир үй-бүлөөгө 2 тоннага чейин сатылат.

1-декабрдан баштап 2 тонна деген чектөө алынып салынат.

Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт деген эле.

Мамлекет башчысы күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгилеген.

Улуттук статистика комитети бир нече күн мурда Кыргызстанда көмүрдүн баасы акыркы айда дээрлик 15 пайызга кымбаттагандыгын билдирген болчу.