ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Ысык-Көлдүн жээктеринде алдын алуу иш-чараларын улантууда

Эске салсак, суу жээгинде коопсуз эс алуу маданиятын калыптандыруу, ошондой эле жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Бул туурасында ИИМ маалымат таратты.

Аталган түшүндүрүү иш-чараларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынан тышкары, дагы беш министрликтин кызматкерлери катышууда. Алар, Ысык-Көл облусу боюнча түшүндүрүү иш-чараларында
ИИМдин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Билим берүү министрлигинин өкүлдөрүнөн тартылган.

Кезектеги түшүндүрүү иш-чараларынын жүрүшүндө, жумушчу топ Чоң-Сары-Ой, Чоктал жана Чолпон-Атадагы айрым жээктердеги эс алуучуларды текшерди. Тактап айтканда, «Радуга», «Лазурный берег», «Дельфин», «Голубой Иссык-Куль», «Ала-Тоо» пансионаттарынын пляждары жана ИИМдин «Дзержинец» балдар лагери текшерилди.

«Ата-энелер өздөрү жаш муунга үлгү болушу керек.

Ал эми бул эрежелерди эстеп, кырсыктан сактануу керек: мас абалында жана тыюу салынган жерлерде сүзбөө, сүзө албаган эс алуучулар белден жогору сууга түшпөө керек экендигин, көпүрөлөрдөн жана пирстерден сууга секирбөө негизги эрежелердин бири»- деп, кайрылды ИИМдин КККнын бөлүм башчысы, Таалай Алижанов.

Мындай иш-чаралар калкты тартипке келтирет, аларды жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери жаш балдары бар эс алуучуларга өзгөчө көңүл бурушуп, аларга өзгөчө көз салууну суранат.

3ecb4e66 704a 4b0b 9b63 74b8ca47465a ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Ысык-Көлдүн жээктеринде алдын алуу иш-чараларын улантууда
f316d405 01e5 44fe 8897 1f608423d9f0 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Ысык-Көлдүн жээктеринде алдын алуу иш-чараларын улантууда
527dd84e b773 47fd a663 d21f09335789 1 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Ысык-Көлдүн жээктеринде алдын алуу иш-чараларын улантууда
df55847b 9113 4647 9a07 e0a1ee0350a1 ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы Ысык-Көлдүн жээктеринде алдын алуу иш-чараларын улантууда

Сүрөттөр ИИМдин Басма сөз кызматына таандык