Жапаров журналисттерди өлкөнүн жетишкендиктери боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоого чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров блогерлер менен журналисттерди өлкөнүн жетишкендиктери боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоого чакырды.

«Журналисттерден суранат элек, мурдагы көрсөткүчтөр менен азыркы биздин эмгегибизди салыштырып, изилдеп, аналитикалык жакшы маалыматтарды ачыктасаңар жакшы болот эле. Эл эмгекти көрүшү керек. Күнүмдүк тиричиликтеги майда-барат иштер эч качан бүтпөйт. Мен блогерлерге, кесипкөй журналисттерге кайрылып, мамлекеттин ишине салым кошууга чакырам», — дейт Жапаров.