УКМК башчысы кримтөбөлдөргө кайрылды

Бүгүн, 20- июлда өткөн Министрлер кабинетинин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда бир дагы уюшкан кылмыштуу топ болбой турганын атып, кримтөбөлдөргө кайрылды.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш дагы күчөтүлөт.

«Ушул жерде сүйлөп жатканымды жөнөкөй жарандар эле эмес, кылмыштуу топтордун мүчөлөрү да угуп жатса керек, дагы бир жолу эскертем, президент Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт деген тапшырма койгон. Кылмыштуу топтордун жетекчилери Кыргызстанда тынч жашай албайсыңарбы, өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер өлкөдөн чыкпаган УКТнын жетекчиси болсо, жазаланат. Эркиндикте жүрбөйт. Муну мен жоопкерчиликтүү түрдө айта алам» , — деди Ташиев.