ӨКМдин кызматкери сууга чөгүп жаткан 2 жаштагы баланы куткарды

Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, 15-июлда кызматкер катамаранда эс алып жатып, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айылында көлдүн жээгинде 2 жашар бала эс учун жоготконун байкап калган. Ал кичинекей баланы суудан алып чыгып, жасалма дем алдырып, биринчи жардамды көрсөткөн.

Бала көзүн ачып дем ала баштаганда  ата-энесине өткөрүлүп берип, медициналык текшерүүдөн өтүүнү сунуштаган.