Аламүдүндө сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

Аламүдүндө сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

19-январь күнү жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 10:30да баланын жансыз денеси табылган.