«Ак-Ордо-3» конушундагы жол кырсык. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды

“Ак-Ордо-3” конушунда жүргүнчү ташыган кичи автобусту оор жүк ташыган унаа сүзүп кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалганын Чүй ОИИББден билдиришти.

312-берене менен кылмыш иши козголду. Териштирүүнүн алкагында жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда», — деп билдирет башкармалыктан.

Жол кырсык 19-июлда саат 07:50 чамасында Элмирбек Иманалиев көчөсүндө болгон. №169 каттамдагы кичи автобус жолдон токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, ордунан жылып баштаганда SCANIA R-124 чоң жүк ташуучу унаасы артынан келип сүзгөн. Кырсыктан улам 1 адам каза болуп 23 киши жабыркаган.