ВИДЕО: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду

Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунда физикалык жактан даярдыгы күчтүү кызматкерлер кызмат өтөшөт.

“Ал эми ошол физикалык жактан күчтүү болуш үчүн күн сайын ар кандай кырдаалдарда ыкчам жана алдыга коюлган тапшырмаларды так, өз убагында аткарууда атайын көнүгүүлөрдү жасап туруу полктун кызматкерлеринин бирден-бир милдети болуп саналат. Бүгүн колдоруна куралдарын алып, тийиштүү жабдыктары менен камсыздалган полктун 1-батальонунун кызматкерлерине Бишкек шаарынын аймагында 20 чакырым аралыкта жөө жүрүш уюштурулду”, – деп айтылат аталган полктун маалыматында.

Жөө жүрүштүн эң негизги максаты – жарандарыбызга дем берүү менен алардын коопсуздугу дайыма камсыздалып тургандыгын көрсөтүү, элдин ишенимин арттырууну көздөйт.

ddd8f2ec ca92 41e7 be8d d2e8281a0319 ВИДЕО: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду
soldaty ВИДЕО: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду
c5f94540 a9a5 418d baa0 f25dfaef1ebb ВИДЕО: ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине жөө жүрүш уюштурулду