Ысык-Көлдө майыптыгы барлардын жөө жүрүшү өтүүдө

Бул тууралуу “Теңдик” майыптыгы барлар коомдук бирикмесинен билдиришти.
19-июнда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында майыптыгы бар адамдардын жөө жүрүшү башталды. Иш-чаранын максаты майыптыгы барларга карата басымды жана стереотиптик көз карашты азайтуу, укуктарынын корголушуна көңүл буруу болуп эсептелет.


Жүрүш 24-июнга чейин уланат. Анда беш облустун келген 44 катышуучу Балыкчыдан Чолпон-Ата шаарына чейинки 80 км аралыкты жөө жүрүп өтүүнү көздөшүүдө.


“Жүрүш тогуз жылдан бери уюштурулуп келет. Чынын айтсам, ошол убактан бери коомдун бизге карата мамилеси бир топ өзгөрдү. Коомдо биз жөнүндө “дарыланышы керек, болгону ошол” деп ойлошот. Чындыгында андай эмес, биз деле кадимки адамдардайбыз, болгону майыптар арабасында. Башкалар сыяктуу эле толук кандуу жашоого укуктуубуз”, – дейт “Теңдик” майыптыгы барлар коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлнара Казакунова.
Бул иш-чара өткөн жылдын август айында Ысык-Көл облусунда уюштурулган. Анда катышуучулар Чолпон-Атадан Каракол шаарына чейин жөө барышкан.


Кыргызстанда, расмий маалыматка ылайык, эң аз дегенде 205 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Андан тышкары иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.
Эске салсак 2019-жылы кыргыз бийлиги майыптыгы бар жарандардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алганы менен бул жаттаа алгылыктуу иштер аткарылбай келет.

92156f96 2c1d 4dc6 b2dc b12424c47fed Ысык-Көлдө майыптыгы барлардын жөө жүрүшү өтүүдө