
Бүгүнкү күнгө карата Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети менен беш талапкерден арыз түштү.
Маалыматка ылайык, учурда 5 адамидан талапкер болуу ниетин билдирген арыздар келип түшкөн.
- Активист Эртай Искаков;
- Коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
- Коомдук ишмер Ремнёв Роман Павлович;
- «Партия Зеленых Кыргызстана» СП төрагасы Булекбаев Эркин Касымович;
- Коомдук жана саясий ишмер Бакир уулу Турсунбай.
БШК кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген.
Эске сала кетсек, буга чейин БШК Ленин округу боюнча ЖК депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.