
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарында жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында такси кызматын аркалаган жеңил унаа каражаттарынын айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
“Өзгөчө Ош-Бишкек каттамында каттаган айдоочулар арасында унаалардын техникалык абалына, айдоочунун эс алуу убактыларына көңүл бурууга чакырышууда.
Жолдо жалгыз эле айдоочунун коопсуздугу эмес, айдоочунун жүрүм-турумунан айланасындагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды экендигин жана жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдоону эскертишти”, – деп айтылат маалыматта.


