Ош: кызганычтан улам адам өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалды

 Ошто кызганычтан улам адам өлтүрүүгө шектелген аскер кызматкери кармалгандыгын аталган шаардык милициядан билдиришти.

23-августта милицияга Төлөйкөн конушундагы үйлөрдүн биринен 35 жаштагы кишинин асылган сөөгү табылганы маалымдалган. Тартип сакчылар анын денесинде жаракаттар болгонун жана киши өз жанын кыйбаганын айтып жатышат.

Бул факт боюнча иш козголуп, Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринде келишим менен кызмат өтөп жүргөн 20 жаштагы жигит кармалды. Милициядан шектүү кылмышты кызганычтан жасаганын айтып, күнөөсүн мойнуна алганын айтышты.