Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, Айтматов РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Руслан Айманбетов жана Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Салтанат Мамбетова менен биргеликте райондун айыл аймактарында жана Киров ири суу сактагычына, жана ошондой эле “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инспекторлор тарабынан балдардын мыйзам алдында жоопкерчилиги тууралуу лекциялар окулду.
“Иш-чарага райондук өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана ошондой эле райондун медицина кызматкерлери катышты. Жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүгө, 102 кызматы дайыма даяр экендигин билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай кырсыктарды жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүштү” – деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.
Учурда суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери областын баардык бөлүмдөрүндө жана аймактарда иштер жүрүүдө.