Айтматов РИИБдин кызматкерлери суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Айтматов РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Руслан Айманбетов жана Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Салтанат Мамбетова менен биргеликте райондун айыл аймактарында жана Киров ири суу сактагычына, жана ошондой эле “Ак-Шумкар” балдар эс алуучу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инспекторлор тарабынан балдардын мыйзам алдында жоопкерчилиги тууралуу лекциялар окулду.


“Иш-чарага райондук өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана ошондой эле райондун медицина кызматкерлери катышты. Жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүүгө, 102 кызматы дайыма даяр экендигин билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай кырсыктарды жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүштү”
– деп айтылат облустук милициянын билдирүүсүндө.


Учурда суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери областын баардык бөлүмдөрүндө жана аймактарда иштер жүрүүдө.

a6884204 8fc5 4ce9 95ad 08acbd889044 Айтматов РИИБдин кызматкерлери суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
95a78f46 b86c 42e6 99d2 82fa41d0311a Айтматов РИИБдин кызматкерлери суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
018b0b35 58b1 4df8 9d49 5f80d782185d Айтматов РИИБдин кызматкерлери суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
49a195b5 c9d1 44f7 95db 43485bdd7b5f Айтматов РИИБдин кызматкерлери суу кырсыгын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө