Өкмөт сууну сарамжал пайдаланууга үндөдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Белгилей кетсек, күн мурун Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды.

Отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты.

Жыйындын күн тартибиндеги биринчи маселеде 2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб сууну топтоо пландалса, суунун аз агып келгендигине байланыштуу ушул жылдын октябрь айына суунун көлөмү 12,4 млрд метр кубду түзөөрү күтүлүүдө, муну менен бул көрсөткүч 2 млрд метр куб сууга аз болоору божомолдонууда.

Бул үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

“Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери “Кыргызстан улуттук тармактар” ААК менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы”, – деди ал.


“Электр станциялары” ААКнын маалыматына таянсак, 2023-жылдын 5-июлуна карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 380 млн куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 693 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 422 куб метрди түзүүдө.