ИИМдин бөлүктөрү арасында гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги өттү

ИИМдин Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 5-7-июль күндөрү “Динамо” түштүк спорттук комплексинде жыл сайын өтүүчү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын гиря спорту, таяк-тартыш жана аркан-тартыш боюнча биринчилиги уюштурулду. Анда биринчиликке катышкан кызматтар командалык эсеп менен төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишишти.
3-орунду ээлегендиги үчүн III-даражадагы диплом менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын командасы сыйланды;
2-орунду ээлегендиги үчүн II-даражадагы диплом менен ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын командасы сыйланды;
1-орунду ээлегендиги үчүн I-даражадагы диплом жана Кубок менен ИИМдин Республикалык окуу борборунун командасы сыйланды.