Бишкекте бир жумада жол эрежелерин одоно бузган 5256 айдоочу катталды

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 30-июнь күнүнөн 7-июль күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5256 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 28 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 148 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
  • 17 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы үчүн;
  • 44 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
  • 2569 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • 390 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
  • 498 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 993 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 569 башка бузуулар;
  • 840 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет: эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.